Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:50

Президенттикке талапкерликтен төрт саясатчы баш тартты


БИШКЕК. 16-майда Улуттук Гвардиянын командачысы Абдыгул Чотбаев Борбордук шайлоо комиссиясына президенттик шайлоого барбай тургандыгын тастыктаган билдирүү жолдоду. Ал айрым фонддор жана уюмдар тарабынан талапкерликке көрсөтүлүшү күтүүсүз болгонун билдирген. Буга чейин дагы үч саясатчы шайлоого барбай тургандыктарын жарыялашкан. Алар - Феликс Кулов, Алмаз Атамбаев жана Жеңишбек Назаралиев. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча талапкер болуу үчүн арыз бергендердин катарында Жыпар Жекшеев, Акпараалы Айтикеев, Курманбек Бакиев, Баяман Эркинбаев жана Жусупбек Шарипов бар. Булардан тышкары өздөрүнүн жана жамааттардын атынан көрсөтүлгөн Азимбек Бекназаров, Амангелди Муралиев, Турсунбай Бакир уулу өңдүү талапкерлер арыздарын БШКга берише элек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG