Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:33

Бермет Акаева депутаттыктан четтетилди


БИШКЕК. Борбордук шайлоо комиссиясы №1-Университет шайлоо округунда өткөн парламенттик шайлоонун тыянагын жараксыз деп таап, бул округдан шайланган Бермет Акаеваны депутаттык укугунан четтетти. Буга байланышкан токтомду Борбордук шайлоо комиссиясы №1 Университет шайлоо округу боюнча даттанууларды текшерүү боюнча жумушчу топтун маалыматын угуп жана Башкы прокурордун милдетин аткаруучунун арызын карагандан кийин кабыл алды. Токтомго БШКнын 13 мүчөсүнүн 10у добуш беришти. Маселеге чекит коюлганын белгилеген БШКнын мүчөсү Жеңиш Акматов чечимге нааразы болушса тараптар сотко кайрылууга укугу барын билдирди:

- Кайсы тарап болбосун, Болотбек Марипов да, Бермет Акаева да, эгер нааразы болушса, сотко кайрылууга укугу бар.

Бермет Акаева мындай чечимге каршы экендигин, чечимди колуна ала электигин, колуна алгандан кийин мындан аркы аракеттери тууралуу маалымат берерин «Азаттыктын» кабарчысына ушул эле күнү билдирди.

XS
SM
MD
LG