Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:05

Өзбекстандык качкындарга жардам көрсөтүлүүдө


БИШКЕК. Жалалабаддын Сузак районундагы Тешикташ айылында качкындардын убактылуу лагери жайгашып, ал жерге орнотулган 14 чатырды Өзбекстандык 537 атуул турак кылууда. Бул тууралуу Экология жана өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу Жаныш Рустембеков Финляндиянын Кавказ жана Борбор Азия өлкөлөрүндөгү элчиси Марья-Лииза Кильюнен менен жолугушууда билдирди. Рустембековдун айтымында, министрликтин жергиликтүү кызматы качкындарды таза суу, тамак-аш, медициналык тейлөө менен жабдып атат. Ушул эле күнү «Азаттыктын» облустагы кабарчысы билдиргенге караганда, качкындардын ок тийген жети өкүлү ооруканада дарыланууда. Мындан сырткары Кызыл чырым коому эки автоунаа медициналык жардам бергендиги, Кызыл жарым ай коому жууркан-төшөк, чатыр менен жабдуу үчүн жагдайды иликтеп жаткандыгы да кабарланды.

XS
SM
MD
LG