Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:43

АНЖИЯН КОЗГОЛОҢУ, “КАРА АЛТЫНДЫН” КАДЫРЫ, ТЫШКЫ САЯСАТТЫН КҮҢГӨЙ-ТЕСКЕЙИ


Өзбекстандагы козголоң, өлкөдөгү президенттик шайлоо камылгасы, паспорт чуусу кыргыз маалымат каражаттарында негизги тема болду. Өлкөнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева менен “Жаңы багыт” кыймылынын лидери Муратбек Иманалиевдин тышкы саясат тууралуу пикирлери 17-майда жарык көргөн “Агым” гезитине чыкты.

17-майда жарык көргөн “Агым” гезитинде кабарчы Алишер Токсонбаевдин “Анжиян көтөрүлүшү Ислам Каримовдун режимин кулатып тынабы?”деген макаласы жарыяланды. Анда Анжияндагы кандуу кагылыш, анын чыгуу себептери тууралуу баяндалат.

“Көтөрүлүшчүлөр өзбек бийлиги менен бетме-бет сүйлөшүүдөн баш тарткандыктан, такталбаган маалыматка караганда президент Ислам Каримов өзү козголоңчуларга карата аёосуз чара көрүүнү буюрган. Натыйжада ичкериде жана көчөдө нааразылык акциясын жүргүзүп жаткан пикетчилерге карай өкмөттүк аскерлердин катышуусунда жашыруун операция уюштурулуп, мөндүрдөй ок жаадырылган” деп жазат “Агым” гезитине кабарчы Алишер Токсонбаев.

Кыргызстанга качып келген фамилиясын айтуудан корккон Шахноза апа “Биз Кыргызстанга акыйкат издеп келдик. Эми артка миң айдасаңар дагы кайтпайбыз. Ислам Каримов бизди тирүү коймок беле, чекебизден кырып өлтүрөт. Айланайындар, эптеп арачалап калгыла? Ансыз деле шорубуз шорподой кайнап бүттү” деп билдирет гезит кабарчысына.

Ошондой эле “Агым” гезитинде өлкөнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева менен “Жаңы багыт” кыймылынын лидери Муратбек Иманалиев өлкөнүн тышкы саясаты, учурдагы абал жана алдыдагы президенттик шайлоо тууралуу өз ойлорун ортого салган.

Анда Роза Отунбаева “Кыргызстанга болгон АКШ менен Орусиянын кызыкчылык балансы сакталат. Биз дагы Кыргызстан кандайдыр бир келишпеген чыр- чатактын аянтчасына айланып калбас үчүн болгон аракетибизди жумшайбыз. Буга жетишсе болот” деген пикирин айтат.

Ага каршы пикирди “Жаңы багыт” кыймылынын лидери Муратбек Иманалиев билдирип, АКШ менен Орусиянын ортосундагы мамиле өзгөрө түшкөнүнө токтолот: “Биз Акаев мезгилинде АКШ менен Орусияны Кыргызстандын саясый талаасында өз кызыкчылыктарына жараша кааласа базасын күчтөп, каалабаса тек койгон оюнчулар катары эсептечүбүз. Бирок алар анда биздеги конфиликттерге катышчу эмес. Бүгүн менин оюмча ал конфликт күчөп турат. Күчөп турат дегеним, ыңкылаптан кийин Кыргызстан сөзсүз түрдө Орусия менен же ынак болуш керек же алыс аралыкты карманышы керек болуп жатат. Ушундан улам бул эки өлкөнүн ортосундагы мамилени сактоодо бир топ татаалдыктар турат” дейт Муратбек Иманалиев.

“Агымда” дагы кандай мазмундагы макалаларга орун берилгенин гезиттин жооптуу катчысы Гүласина Каленова мындайча айтып берди:

- Кулов- Бакиев тандеми, экөөнүн ынтымакка келиши, Алмаз Атамбаев башкарган Кыргызстан социал- демократиялык партиясынын 7- курултайынан репортаж жана курултайдын делегаттарынын кайрылуусу, өлкөнүн транспорт министринин милдетин аткаруучу Ишенбай Кадырбековго каршы пикеттен репортаж да жарыяланды.

17-майда жарык көргөн “Аалам” гезитинде да Анжияндагы окуялар чагылдырылды. Ошондой эле Бишкек шаарынын көйгөйлөрү, тазалыгы тууралуу маселелер да көтөрүлдү.

Бул гезиттин жаңы санында Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын экс-депутаты Орозбек Дүйшеевдин “Кара алтындын” камын ойлойлу” аттуу макаласы да жарык көрдү. Анда өлкөдөгү көмүр кендеринин көйгөйлөрү, арзанга сатылып кеткен техникалык жабдуулар, Акаев режими учурундагы бул тармактагы коррупция тууралуу кеп болот.

17- майдагы “Аалам” гезитинде жарыяланган макалалар жөнүндө башкы редактордун орун басары Аида Надырбекова буларды айтып берди:

- “Аскар Акаевдин сыр жашырбас адамдары” деген макалада экс- президентти жандап жүргөн сырдаш-муңдаш досторунун, жакындарынын пикирлери, ыңкылаптан кийинки тагдырлары тууралуу кеп болот. Ошондой эле Өзбекстандагы Анжиян козголоңу жөнүндө репортаж чыкты.”Сумбуладан бөлүнгүбүз келет” деген лейлектиктердин кайрылуусуна да орун берилди.

Ал эми 17- майда окурмандардын колуна тийген “Адабий гезитте” Кыргыз эл акыны Эсенгул Ибраевдин ырлары, Кыргыз улуттук академиялык театрынын 80 жылдыгына арналган макала жана акын Анатай Өмүркановдун чыгармачылыгы тууралуу жана башка материалдар орун алган.

16- майдагы “Вечерний Бишкек” гезити өлкөдөгү паспорт көйгөйү, көркөм сүрөт музейинен уурдалган картиналар Аскар Акаевдин резиденциясынан табылганы, жердиги кыргызстандык космонавт Салижан Шариповдун июль айында туулган жерине келиши жана Кыргызстандагы 24-марттагы ыңкылап коңшу өлкөлөрдүн жетекчилерин чочутуп жаткандыгы жөнүндөгү макалаларга орун берди.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG