Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:21

“NEWSWEEK” ЖУРНАЛЫ ТАКТАЛБАГАН МААЛЫМАТ БАСКАНЫН МОЙНУНА АЛДЫ


“Newsweek” журналы Гуантанамадагы аскерий түрмөдө Куран кордолду деп жазган кабары жаңылыш маалымат болгонун мойнуна алды. Басылма 9-майдагы санында АКШлык тергөөчүлөр туткун талиптерге психологиялык кысым көрсөтүү үчүн Куранды маскаралады, атүгүл бир нускасын ажаатканага түшүрүп жиберди деп жазган эле. Бу кабардан улам Ооганстанда тополоң чыгып, кеминде 15 адамдын каны төгүлгөн.

“Newsweek” журналы акыркы санында мусулмандардын ыйык китеби Куран- Гуантанамо түрмөсүнүн туткундарына кысым көрсөтүү үчүн- булганч жайга ташталды деген маалыматтын чын-төгүнү күмөндүү экенин жазып, такталбаган натуура кабардын чыгып кеткени үчүн кечирим сурады.

Журналдын Вашингтондогу кеңсесинин башчысы Дэн Клейдмэн Эн-би-си телеканалына берген интервьюда, басылмада 9-майда чыккан жаңылыш маалымат үчүн кечирим сурап, өкүнүчүн билдирди:

-Ооганстанда кан төгүлгөнүнө, ошондой эле такталбаган маалыматты жарыялап коюп, америкалык аскер кызматкерлерин жана Кошмо Штаттардын дагы башка кызматчыларын кыйын абалга калтырганыбызга биз аябай өкүнөбүз.

Макала Пакистанда, Индонезияда жана Газа тилкесинде катуу кыжырданууну пайда кылып, Ооганстанда тополоңдон кеминде 15 киши набыт болуп, ондогон адамдар жараат алышкан.
Макаланы бир катар мусулман өлкөлөрүнүн динаятчылары, анын ичинде Сауд Арабиясы менен Мисирдин уламалары сындашкан.

Журналдын түшүндүрүшүнчө, чуулгандуу маалыматты берген жана дале атын атабоону өтүнгөн чиновник азыр эми АКШнын коргоо министрлигинин Гуантанамодогу тукундардын абалын изилдеген докладда “Куранды кордоп мамиле кылган окуя чындап эле жазылганына күмөн санап турганын айткан”.

Ооганстандын президентинин өкүлү Жавед Лудин “Азаттык” радиосуна “Newsweek” журналынын жаңылыштыгын мойнуна алуусу адамдарды тынчтандырууга өбөлгө түзөт го деген үмүтүн билдирди:

-Журнализмдин негиздери сакталбаганы жана чындыкка сыйбаган кабардын басылганы бизди чындап эле ачуулантты. Экинчи жактан, алардын өз катачылыгын мойнуна алганы өтө маанилүү жана проблеманы жөндөөгө өбөлгө болот. Бирок, өтө жооптуу жана кылдаттыкты талап кылган маселеде журналисттик стандарттын деңгээли өтө пас болгону абдан өкүнүчтүү.

Гезиттердин дүйнөлүк ассосациясынын жетекчилеринин бири Ларри Килмандын сөзүнө караганда, такталбаган маалыматтын жарыяланышы”, кадыр барктуу “Newsweek” басылмасын өтө эле оңтойсуз абалга калтырды:

-Алардын өз булагына 100 пайыз ишенип, элди козгоочу окуяны жазганы “Newsweek” үчүн өтө ыңгайсыз иш болду. Жок окуяны басуу журналисттер үчүн да абдан оңтойсуз окуя экени айдан ачык. Сиз, менин оюмча, 100 пайыз ишенбей туруп, буга окшогон окуяны баспасаңыз керек.

Гезиттердин дүйнөлүк ассосациясы 18 миңден ашуун гезиттин башын бириктирип, башкеңсеси Парижде жайгашкан.

XS
SM
MD
LG