Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:48

Орусиядагы ЮКОС компаниясынын жетекчисинин соту шейшембиде уланат


Москва шаарынын Мешан райондук соту компаниянын жетекчиси Михаил Ходорковскийге, “Менатеп” компаниясынын башчысы Платон Лебедевге жана “Волна” бирикмесинин мурунку жетекчиси Андрей Крайновго сот өкүмүн угузууну 17-майга калтырды. Дүйшөмбү күнү райондук соттун алдына Оңчул күчтөр биримдигинин, “Яблоко” жана “Наш выбор” кыймылдарынын, жаштардын бир нече уюмдарынын өкүлдөрү ЮКОСтун мурунку жетекчилерин колдоп пикетке чыгышкан. Маалыматтарга караганда, анда 15тен 30 га чейин киши тартип кызматкерлери тарабынан кармалган. Алардын арасында “Яблоко” партиясынын төрагасынын орун басары Сергей Митрохин жана жаштардын “Яблоко” уюмунун лидери Илья Яшин бар.

Ходорковский жана Лебедев алдамчылык кылган, салык төлөбөгөн жана ал үчүн мыйзамсыз иштерге барган деген айып менен сот жообуна тартылышкан. Бирок айыпталуучулар мындай күнөөлөрдүн негизсиз экендигин айтып жатышат.

XS
SM
MD
LG