Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:10

Өзбекстанда 70 адам кармалды


Өзбекстандын расмий бийлиги Анжияндагы козголоңго байланыштуу 70 киши камакка алынгандыгын айтып жатат. Ал эми укук коргоочулар бийлик тарабынан камалгандардын саны 1 500 ден ашуун экендигин билдиришти. Өзбекстандын ички иштер министри Закир Алматовдун айтымында, кармалган 70 кишинин ичинде козголоңдун уюштуруучулары жана өткөн жума күнү полиция менен аскердик бөлүктөргө кол салган адамдар бар. Кол салгандар ал күнү көптөгөн курал жарактарды алып, күчөтүлгөн режимдеги түрмөдө камалып жаткан жүздөгөн кишилерди бошотуп жиберишкен.

XS
SM
MD
LG