Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:21

БУУ менен АКШ Кувейт аялдарынын шайлоого катышуусун мыйзамдаштырууну колдоп жатышат


БУУнун баш катчысы Кофи Аннан бул окуяны "тарыхый кадам" деп мүнөздөдү. Мыйзам Кувейттин азыр жалаң эркектер отурган парламентинде дүйшөмбү күнү кабыл алынган эле. Ага депутаттарыдын 35и колдоо билдирип, 23ү каршы болгон.

Мыйзам аялдардан добуш бергенде же талапкер болгондо Шариятка баш ийишин талап кылат. Кувейттик укук коргоочу Роула ал-Дашти добуш берүүнүн жыйынтыгын жеңиш катары мүнөздөдү:

- Бул Кувейттин аялдары үчүн тарыхый күн болуп калды. Бүгүн биз жеңишке жетиштик, эркиндик үчүн, караңгылыкка, өнүгүүгө бут тосууга каршы күрөштө жеңип чыктык. Мындан ары кувейттик айымдардын үнү парламентте жаңырат, - деди активист.

Ошону менен Сауд Арапстандан башка бардык араб өлкөлөрүндө аялдар добуш берүүгө укук алышты. Бүгүн дүйнө парламенттеринде аялдар орто эсеп менен 15 пайызды түзөт. Араб өлкөлөрүнө бул көрсөткүч жети жарым пайыз. Буга салыштырмалуу Кыргызстандын парламетинде бүгүн бир гана аял бар, бул - бир жарым пайыз дегенди билдирет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG