Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:51

Орусия европалык асыл-нарктарды тутунат


Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Сергей Лавров Европа Кеңешинин Варшавада өтүп жаткан саммитинде билдирди.

Буга чейин Кошмо Штаттары жана Чыгыштын айрым мамлекеттери Орусияда адам укуктарынын бузулушун сынга алышкан эле. Мындай сынды четке кагып Лавров терроризм менен күрөш жүргүзүү үчүн Орусия күчтүү болуш керек деп айтты жана Европа Кеңешин терроризм коркунучун биринчи планга коюуга чакырды. Европа Кеңеши континентте адам укуктарынын сакталышын көзөмөлдөгөн орган.

Кошмо Штаттары Кремлдин демократиялык реформаларды артка тартып, чечен сеператисттеринин чабуулдарынан кийин бийлигин күч алдырып жаткандыгын айтып келет. АКШ ошондой эле Орусияда сөз эркиндигинин басмырланышын жана орус атуулдарынын башка укуктарынын чектелишин сынга алган.

XS
SM
MD
LG