Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:47

Өзбек бийлиги Анжиянда кырдаал тынч деп ырастоодо


Бирок батыш маалымат каражаттары шаарда кечээ атышуу уланып, толкундоолор коңшулаш шаарларга таркаганын жазышууда.

Анжияндагы кан төгүүгө байланыштуу биринчи жолу Ташкенде кечээ оппозиция өкүлдөрү жана укук коргоочулар демонстрацияга чыгышты.

Күбөлөрдүн жана укук коргоочулардын айтымында, жума күнү өкмөттүк аскерлер Анжияндагы нааразылык акциясынын катышуучуларын туш келди актылаганда 500дөн ашык киши окко учуп, 2 миң чактысы жарадар болду. Бул окуялар өзбек атуулдарынын Кыргызстандан жан соога издеп качышына түрткү болду.

Укук коргоочу "Чакырык" уюмунун жетекчиси Саиджахон Зайнабиддиновдун сөзү боюнча, ишемби күнү коңшулаш Пахтабад шаарында өкмөттүк аскерлер дагы 200 кишини атып өлтүргөн.

Президент Каримов өкмөттүк аскерлер демонстранттарды аткан жок деп ырастоодо. Анын өкмөтү Анжиянда 30 киши набыт болду деп айткан. Карасуу шаарында бийлик элдин колуна өткөндүгүн "Еркин Европа/Азаттык" үналгысынын өзбек кызматынын кабарчысы Элмурад Жусубалиев мындайча билдирди:

- Карасууда чек арачылар же тартип коргоочулар көрүнбөйт, ошого карабастан кырдаал тынч. Талап-тоноо деген жок. Коргон-төбө вилаятынын акими милиция толугу менен ишке чыгышы керек эле деп айтты. Бирок эч ким жок.

Өзбекстандын өкмөтү Карасуудагы же Пахтабаддагы кырдаал боюнча эч билдирүү жасай элек.

XS
SM
MD
LG