Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:23

Бакыт Аманбаев, Бишкек Жогорку Кеңештин 17-майдагы отурумунда кыргыз-өзбек чек арасында түзүлгөн кырдаал талкууланды. Депутаттарга Коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов маалымат берди. Жыйын соңунда төрт пункттан турган токтом кабыл алынды.

Бул күнкү жыйынга Коопсуздук кеңештин катчысы Мирослав Ниязов, Коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков жана Улуттук коопсуздук кызматынын, Ички иштер министринин орун басарлары катышты. Мирослав Ниязовдун маалыматына караганда, учурда чек арадагы кырдаал кыргыз бийлигинин толук көзөмөлүндө турат. Анын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагына Өзбекстандан качып келген 538 атуул чек арага жакын жерде тигилген чатырчаларда күн өткөрүшүүдө. Аларга ким тарабынан, кандай жардам көрүлүп жаткандыгы тууралуу Мирослав Ниязов буларды маалымдады:

- Адегенде биз өзүбүздүн каражаттар менен жардам бердик. Он бешинчи майдан баштап, эл аралык уюмдардар бере башташты. Учурда эл аралык уюмдар качкындарды толугу менен биз камсыз кылабыз деп жатышат.

Мирослав Ниязов Өзбекстандан качып келгендерге качкын статусу берилбей тургандыгын, ал эми өзбекстандыктарга мындай жардам аталган өлкөнүн жогорку бийлигинин өтүнүчү менен болуп жаткандыгын да кошумчалады:

- Өзбекстандын өкмөт башчысы Курманбек Салиевич менен сүйлөштү. Өзбек бийлиги өздөрүнүн жарандарынын бардык муктаждыктарына кеткен чыгымды өз мойнуна алышаарын, аларга утурумдук шарт түзүп берүүнү кыргыз бийлигинен өтүндү. Ошондой эле өзбек бийлиги өлкөсүндө кырдаал турукташкандан кийин атуулдарын алып кетише тургандыгын айтышты.

Коопсуздук кеңешинин катчысы мындан сырткары 14-майдан соң Ош облусунун Карасуу шаарындагы Өзбекстан менен чектешкен жердеги көпүрө өзбек атуулдары тарабынан оңдолгонун, учурда кыргыз-өзбек чек арасында атайын текшерүү жайлары уюштурулуп, кылдат текшерүү жүрүп жаткандыгын маалымдады:

-Бул өтө тар көпүрө. Күнүнө бул көпүрөөдөн 500- 600дөй адам ары бери өтүүдө. Учурда биздин улуттук коопсуздук кызматы, Ички иштер министрлиги жана башка органдардын өкүлдөрү тарабынан текшерүү жүргүзүлүүдө. Мындай иш чара учурунда качкындардын куралы барбы, банги заты барбы же кандайдыр бир оорусу барбы, ошол текшерилүүдө.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязовдун жогорудагыдай маалыматы айрым депутаттарды канааттандырган жок. Депутаттар иш жүзүндө учурда кыргыз өзбек чек арасында кырдаал татаал, Өзбекстандагы тополоңдон качкан куралдуу топтор Кыргызстандын аймагына эч тоскоолдугу жок эле өтүп кетип жатышат деген пикирлерин айтышты:

- Бүгүн эртең менен жүзгө жакын автомат, пулемет менен куралданышкан атуулдар Ханабаддан Кыргызстандын аймагына өтүп кетишкен деген маалымат алдым. Мына ушул чынбы?

Депутат Дамир Өскөнбаевдин мындай суроосуна Мирослав Ниязов бул маалымат менен кабары жок экендигин айтып, эгерде маалымат такталса, тиешелүү чара көрөбүз деп жооп берди.

Талкуу соңунда бир нече пункттан турган токтом кабыл алынды. Ал токтомго ылайык, чек арадагы тартипти, коопсуздукту жөнгө салуу жана мамлекеттик түзүлүштү өзгөртүүнү максат кылган ар кандай диний, экстремисттик уюмдарга каршы күрөшүү тартип коргоо органдарына тапшырылды. Ошондой эле Өзбекстанга гуманитардык жардам берүү жана бир айдын ичинде өлкөдөгү тартип коргоо органдарын реформалоо жалпы эле өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу тууралуу мамлекеттик план иштеп чыгып, Жогорку Кеңешке сунуштоо кыргыз өкмөтүнө тапшырылды.
XS
SM
MD
LG