Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:21

БЕРМЕТ АКАЕВА ДЕПУТАТТЫК МАНДАТТАН АЖЫРАДЫ


Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча 16-майда Жогорку Кеңештин депутаты Бермет Акаева депутаттык укуктан ажыратылды. Мындай чечим ал шайланган №1-Университет шайлоо округунда кайра шайлоо өткөрүүнү шарттады. Мыйзам боюнча бул округда шайлоо күнүн БШК бир ай аралыгында дайындашы керек.

№1 Университет шайлоо округунда депутаттык мандат үчүн ат салышкандардын бири Болотбек Марипов ыңкылапка чейин, андан кийин да Бермет Акаева шайлоо учурунда мыйзам бузду деп, Борбордук шайлоо комиссиясына бир нече ирет кайрылган. Каржылоо эрежелерин бузуу фактысын кошкон Мариповдун Акаевага каршы акыркы арызын БШК Башкы прокуратурага жолдогон болчу. БШКнын мүчөсү Болот Малабаевдин билдиргенине караганда, токтом Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаровдун фактыны териштирүүнүн жыйынтыгын чагылдырган катынын жана Мариповдун арыздарынын негизинде кабыл алынды:

- Ал жерде чын эле Шайлоого байланышкан мыйзамдар бузулган экен. Атап айтканда, шайлоо алдындагы үгүт, добуш сатып алуу, каржылоо эрежелери өңдүү мыйзам бузуулар болгон. Ушунун негизинде биз шайлоо тыянагын жокко чыгардык.

Борборшайлоокомдун бул отурумуна эки талапкер тең катышкан жок. Кийинчерээк Бермет Акаева мындай чечимди натуура чечим катары белгиледи. Болотбек Марипов да токтомго канагаттанбай калды. Анда өзүнүн шайлоочуларынын укуктарынын жетиштүү корголгон жок дейт:

- «Шайлоо кодекси» - кызыктуу, көпчүлүк учурда карама-каршылыктуу мыйзам. Принцибинде чечимди ар кыл өңүттө чыгарса болот, бирок бул ирет ушундай чечим кабыл алышты.

БШКнын мүчөсү Болот Малабаевдин айтымында, токтомдун негизинде №1- Университет шайлоо округунда кайрадан шайлоо өткөрүлөт. Ага депутат болгусу келген Акаевадан башка бардык каалоочулар талапкер катары катыша алышат. Алардын катарында Болотбек Марипов да теңата ат салышуу укугуна ээ. Мариповдун кызыкчылыгына кызмат кылгыдай «Шайлоо кодексинде» мындан башка жол да жок деп билдирди БШК өкүлү.

Марипов болсо анын арыздарын БШК Бермет Акаева парламентке келишине байланышкан чыр-чатактан кийин араң кароого киришип, ага чейин көңүл бурган эмес дейт.

14-апрелде Бишкекке келип, парламентке ишке чыккан Бермет Акаеваны коомчулук нааразылык менен кабыл алган. Жарандык коомдун өкүлдөрү, Мариповдун тарапкерлери нааразылык чараларын уюштурушуп, маселени чечүү талабын парламентке коюшкан.

Анткен менен Акаева кийинчерээк «Азаттыкка» берген интервьюсунда ал ат салышкан округда шайлоо эл аралык уюмдардын байкоосунда чынчыл өткөнүн белгилеген:

- Мен дагы, Айдар дагы депутат катары сөзсүз иштейбиз. Эми эртең, бүрсүгүнүбү билбейм, БШК мандатымды алып койбосо эле шайлоочуларым үчүн иштейм.

Бирок, экс-президенттин уулу, Жогорку Кеңештин депутаты Айдар Акаевдин депутаттык мандатына байланыштуу БШКга эч кандай арыз түшө элек. Бул тууралуу маалымдаган Болот Малабаевдин айтымында, Айдар Акаевге байланышкан маселени Жогорку Кеңеш өзү гана бир жаңсыл чече алат. Бир жыл ичинде парламенттин ишине кандайдыр бир мөөнөт катышпаган депутат регламент боюнча депутаттыктан четтетилет. Айдар Акаев депутат катары парламенттин ишине март ыңкылабынын алдында өткөн алгачкы күнкү отурумуна гана катышкан.

Бул арада Акин Токталиев жетектеген Кыргызстан элинин ар-намысын, беделин коргоо комитети Аскар Акаевдин ар намысын коргой тургандыгын коомчулукка жарыя кылды:

- Аскар Акаевич менин өзүмө жана менин комитетиме Кыргызстан элинин алдында ага тагылып жаткандардын бардыгына караманча тиешеси жогун тастыктап, ар-намысын, беделин коргоону суранып, эки ишеним кат тапшырды.

Токталиевдин айтымында, ал Акаевдин мүлкүн териштирүү боюнча мамлекеттик комиссиянын курамына комитеттен бир кишини киргизүүнү сурап, президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев менен вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөновго кат жолдоду. Учурда Данияр Үсөнов жетектеген мамлекеттик комиссия Аскар Акаевге, үй бүлөсүнө жана жакындарына таандык мүлктөрдү иликтөө ишин улантууда. Комиссия Акаевге, жана анын жакындарына таандык 114 объект бар деп болжоп жатат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG