Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:40

ӨЗБЕК КАЧКЫНДАРЫНЫН МЕКЕНИНЕ КАЙТКЫСЫ ЖОК


Султан Каназаров, Сузак Жалалабат облусунун Сузак районундагы Карадарыя айыл өкмөтүнүн аймагына кирип келген өзбек качкындары үчүн атайын чатырлар тигилип, алар убактылуу кармалууда. Булардын арасынан жараат алгандардын жетөө учурда Сузак райондук ооруканасында дарыланууда. Качкындардын дээрлик көпчүлүгү Өзбекстанга кайра кетүүнү каалашпайт.

Качкындар лагеринде азыр, так маалыматтар боюнча, 540 адам бар. Аларга чогулган жерге азырынча атайын качкындар лагеринин макамы бериле элек. Ырасмий тарап аны качкындарды фильтрациялоо лагери деп аташууда.

Биз качкындар нанүштө жасап жаткан учурда барып калдык. Баамыбызда, жеп жаткан тамак-аштары жакшы. Төшөнчү менен да камсыз болушкан. Бул жерде азыр он чатыр тигилген. Бирок он кишилик бир чатырда азырынча элүү киши жатууга аргасыз. Качкындардын эч кимисинде паспорт жок. Алар негизинен отуз беш жашка чейинки жигиттер жана орто жашап калган аялдар.

Биз бул жерде Кыргыз чегара кызматынын төрагасынын орунбасары Апсамир Эрежепов менен маектешкенибизде ал өзбек атуулдарын кандай болбосун артка кайтаруу керектигине токтолду:

- Эгерде мынча адам биздин өлкөгө кирип кеткенде анда биздин туруктуулукка бир топ зыян келтирмек. Жакынкы күндөрдүн ичинде өзбек бийлиги менен макулдашып, буларды кандай болбосун артка -мекенине кайтарышыбыз керек.

Биз менен маектешкен өзбек атуулдары Кыргызстанга кантип келип калгандыгын мындайча түшүндүрүштү:

-Биз Анжияндагы митингге кошулганыбыздын себеби - бизде элдин жашоосу, турмуш акыбалы өтө начар. Элди кыйноо, ишкерлерди кыйноо өтө эле катуу.

Алар Анжиян шаарында болгон нараазылык иш чараларына эч кандай курал-жараксыз эле чыгышканын да белгилешти. Качкындардын арасында аял кишилер да көп. Алар эмчектен чыгарылбаган жаш балдары калганын, жашоо-шарттын кыйындыгынан нараазылыкка чыгышканын айтып зарлашууда:

-Биз майданга үч бала менен чыкканбыз. Келип отурдук, эч ким биздин дарттарыбызды укпады.

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин төрагасы тараткан маалыматка ылайык качкындардын арасында түрмөдөн бошотулган 12 адам бар. Бирок өзбек качкындары бизге мындай маалыматты айтууну каалашкан жок.

Биз тактаган маалыматтар боюнча азыр Сузак районунан башка жерде Өзбекстандан качып келгендердин чогулган жерлери жок. Эгер чегарадан өтүп келгендер болсо да алар эл арасына сиңип кетишкен. Бул жерден жөнөп жатканыбызда аты-жөнүн айтууну каалабаган бир өзбек жараны Ислам Каримовго кайрылууга мүмкүндүк берүүнү өтүндү:

-Урматтуу Ислам Каримов, ушул күнгө чейин болгон окуяларды билесиз. Эгер айткан сөздөрүңүздү ишке ашыра турган тилегиңиз болсо, бизде бир өтүнүч бар. Бүткүл Анжиян облусун топтойлу ортого, кааласа Ташкенден келсин, кааласа Кокондон келсин. Эл менен келип жолугушуп, сүйлөшүңүз ошол жерде.

Сүрөттө: Карадарыядагы качкындар жайгашкан жер

Сүрөт автордуку

XS
SM
MD
LG