Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:29

Карасуу шаарындагы чегара көпүрөсүндөгү көзөмөлдөп-өткөрүү пунктун мыйзамдаштыруу өтүнүчү менен Кыргызстандын өкмөтүнө ырасмий түрдө кайрылганын Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу 17-майда өткөн маалымат жыйынында билдирди. Ошондой эле ал Өзбекстандан Кыргызстанга көп сандагы качкындардын келиши Кыргызстандын экономикасына терс таасирин тийгизет деген тынчсыздануусун айтты

Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу Ошто иш сапары менен болуп, кыргыз-өзбек чегарасын текшерүүнүн натыйжалары менен таанышты. Акыйкатчынынын билдиргенине караганда, учурда чегарадан өткөндөрдүн так санын айтуу кыйын:

- Мен чегарада эмне болуп атканын көрдүм да. Арыктан секирип аткандардын саны жок,же көпүрөдөн 10 сом төлөп өткөндөрдүн эсеби жок.Расмий түрдө качкындардын саны 500дөн ашык дегени менен чындыгында алардын санын так айтуу кыйын. Күн сайын өтүп жатышат. Расмий түрдө жайгашкандар-булар корккондор. Кыргызстанда эч кимиси жоктор. Арыктардан же көпүрөдөн өткөндөрдүнбул жакта достору же туугандары бар. Булардын эсеби жок.

Ошондой эле Турсунбай Бакир уулу өзбек качкындары коңшулаш Казакстанга же болбосо Тажикстанга эмес, Кыргызстанга гана келээрин баса белгиледи. Көп сандагы качкындардын Кыргызстанга келиши өлкөнүн экономикасына терс таасирин тийгизет деп тынчсызданат акыйкатчы:

- Бүгүнкү күндө өлкөдө түшүм кандай болот билбейбиз. Качкындар түшүмдү жыйнаганга чейин келип калса, эмне менен багабыз. Жумушу жоктор өзүбүздө көп, үйү жоктор өзүбүздө жетиштүү. Эгерде аларды качкын катары таанысак, анда эл аралык уюмдардан жардам алышыбыз керек. Ошондо өлкөнүн экономикалык оорчулугу эл аралык уюмдарга өтөт. Эгерде биз Өзбекстандан коркуп, Ислам Каримов бизди жаман көрүп калат деп, качкын деп айта албайбыз деген чечим кабыл алсак, анда биздин элдин жашоо деңгээли төмөндөйт.

Өзбекстандын мамлекет башчысы Ислам Каримов Анжияндагы толкундоолордун уюштуруучулары экстремисттер жана Хизб ут-Тахрирчилер деп айткан. Бирок Турсунбай Бакир уулу мамлекет башчынын мындай билдирүүсүнө кошула албастыгын айтты:

- Карасуу менен Сузак Хизб ут-Тахрирчилердин уюткусу экенин билебиз. Өзбекстанда алар өз ишмердүүлүгүн жашыруун жүргүзөт. Ал эми Ислам Каримовдун толкундоолордун уюштуруучулары экстремисттер жана Хизб ут-Тахрирчилер деген мен кошулбайм, анктени мен өзүм көрдүм. Алар жөнөкөй эле адамдар, дыйкандар экен. 3миң адамды Хизб ут-Тахрирчилер деп айта албайбыз да. Мына бирөө инсулин көтөрүп алыптыр, кызы кант диабети менен ооруйт экен. Өзбекстанда бул даарыны таппай, Кыргызстанга келиптир, эми кайра Өзбекстанга өтө албай турат.Өзбекстандын чекарачылары менен сүйлөшүү абдан кыйын экен. Маданият деген жок. Алар баарын эле күч менен чечкенге көнсө керек.

Мындан сырткары, Турсунбай Бакир уулу Карасуу шаарындагы чекара көпүрөсүндөгү контролдук-өткөрүү пунктун мыйзамдаштыруу өтүнүчү менен Кыргызстандын өкмөтүнө ырасмий түрдө кайрылганын маалымдады.

Ал эми Анжиян окуясына байланыштуу чегарадагы кырдаалды Кыргыз парламенти бүгүн - 17-майда талкуулады. Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасы Мирослав Ниязов кыргыз-өзбек чегарасындагы учурдагы кырдаал тууралуу буларды айтты:

- Учурдагы кырдаалды айта турган болсок - эгерде 14-майда чегара боюнча кырдаал курч деп баланса, 15-16-май күндөрү кыргыз-өзбек чегарасында кандайдыр бир чоң өзгөрүүлөр болду деп айтууга болбойт. Бизде Ош, Жалалабат облусундагы көзөмөлдөп-өткөрүү пункттары жабык, бирок Баткендеги бүт пункттар ачык. Жергиликтүү калк да Өзбекстандан келген качкындарга адамкерчиликтүү мамиле кылууда. Кыргызстандын аймагындагы качкындар - булар кимдер деген суроо туулат. Кыргызстандагы 540 качкын ким экенин аныктоо иштери азыр жүрүп атат. Алдын ала маалыматтар боюнча, өлкөдөгү качкындардын отузу - этникалык кыргыздар, калгандары - Өзбекстандын атуулдары.

Сүрөттө: Карадарыядагы качкындар турган жерден бир көрүнүш
XS
SM
MD
LG