Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:30

Мектепке бирдиктүү кийим киргизилет


БИШКЕК. Быйыл орто мектепти бүтүрүп жаткан окуучулар бүтүрүү кечелерин ресторан, кафелерде эмес, өздөрү окуган мектебинде өткөрүшү керек. Мындай пикирин вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ишенгүл Болжурова «Азаттык» радиосуна берген интервьюсунда билдирди. Анын айтымында, ал мындай сунушту 17-майда Бишкектин билим берүү тармак жетекчилери жана мектеп директорлору менен жолугушууда сунуш кылды. Андан тышкары жаңы окуу жылынан баштап орто мектептин окуучулары үчүн бирдиктүү мектеп кийимин кийгизүү аракети башталарын кабарлады. Анын айтымында, 1-5-класстын окуучулары, 6-9 жана 10-11-класстын окуучулары үчүн үч түрдүү мектеп кийиминин үлгүсү азыр тандалып жатат жана ал алгач мектеп-интернаттардын окуучуларына өкмөттүн эсебинен бекер берилет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG