Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:22

Унаа кызматчылары нааразылык акциясын токтото элек


БИШКЕК. 17-майда Кыргызстан темир жол башкармасынын ачкачылык жарыялаган жумушчуларынын 16сы өкмөт үйүнүн алдындагы акциясын улантты. Алардан тышкары батыш автобекетинде жүргүнчү ташуучу «Ак жол» ишканасы менен «Кыргызстан аба жолдору» компаниясынын 30 жумушчусу пикет өткөрүштү. Темир жолчулар мурдагыдай эле башкарма жетекчиси Нариман Түлеевди кызматтан алып, тармактагы коорупцияны токтотууну, авиаторлор менен автоишкана өкүлдөрү болсо Транспорт жана коммуникация министринин милдетин аткаруучу Ишенбай Кадырбековду иштен кетирүүнү талап кылышты. Ачкачылык акциясын 26-апрелде баштаган темир жолчулардын азыр 8и ооруканада. Ал эми Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров темир жол башкармасынын жетекчисинин көрсөтмөсү менен башкармалыктын атайын күзөт бөлүмүнүн өкүлдөрү Алатоо аянтына жиберилип, ал жерге митингге чыккан адамдардын арасында чатак чыгарууга чагым салышкандыгы аныкталгандыгын премьер-министрге жиберген катында билдирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG