Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:28

Кофи Аннан кабатыр


БИШКЕК. Бириккен Улуттар Уюумунун башкы катчысы Кофи Аннан Өзбекстандагы окуяларга байланыштуу өзүнүн өкүнгөндүгүн билдирип, тараптарды сабырдуу болууга чакырды. Ал 17-майда тараткан билдирүүсүндө эл аралык гуманитардык укуктун нормаларын карманып, БУУнун качкындар боюнча Башкы комиссарынын өкүлдөрү менен тыгыз кызматташуу зарылдыгын билдирди. БУУнун Башкы катчысы андан тышкары эки өлкөнүн бийлиги чек араны ачык кармап, Өзбекстандан качып кирген адамдардын муктаждыктарын камсыз кылуу жаатында эл аралык уюмдар менен кызматташат деген үмүтүн билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG