Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:16

Токталиев Акаевдин адвокаты


БИШКЕК. Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаевдин кызыкчылыгын соттордо «Кыргызстандын элинин абийир, беделин коргоо комитети» коргойт. Бул тууралуу 17-майда аталган комитеттин төрагасы Акин Токталиев билдирди. Анын айтымында, Аскар Акаев ушул жылдын 12-майында Москвада ишеним кат жазып, анда «Кыргызстандын элинин абийир, беделин коргоо комитетинин» төрагасы Акин Токталиев өзүнүн ишенимдүү адамы катары мыйзам чегинде жооп берүүгө, арыз берүүгө, өзүнө каршы берилген арыздарды таанууга же андан баш тартууга укук бергендигин билдирген. Маалымат жыйынында Акин Токталиев Аскар Акаевдин иш бөлмөсүн тинтип, жеке архивин, күндөлүгүн алуу «Президенттин ишмердигине кепилдиктер жөнүндөгү» мыйзамды бузуу деп билдирди. Анын айтымында, Акаев өзүнө тиешелүү документтер менен күндөлүгүн кайтарып берүүнү суранып жатат, эгер өтүнүч аткарылбаса тиешелүү адамдарга каршы сотко арыз берет.

XS
SM
MD
LG