Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:45

ЭКС-ПРЕЗИДЕНТ АСКАР АКАЕВ АДВОКАТ ЖАЛДАДЫ


Аскар Акаев өзүнүн ар намысын, беделин коргоо максатында адвокат жалдады. Учурда Москвада жашап жаткан экс президент бул ишти «Кыргызстан элинин ар намысын, беделин коргоо» комитетине ишенип тапшырды. Макулдашуу Акаевдин Кыргызстандагы тарапкерлеринин ортомчулугу аркылуу ишке ашып, анын кепили катары Москва нотариусунун мөөрү басылган ишеним кат комитет төрагасы Акин Токталиевге берилди.

Акин Токталиевдин айтымында, Москвалык нотариус күбөлөндүргөн Акаевдин ишеним каты 2002-жылдын 7-октябрында кабыл алынган эл аралык Кишинев макулдашуусуна ылайык, анын жактоочу катары Кыргызстанда иш жүргүзүүсүнө кепилдик берет. Ошондуктан ал Акаевдин укугун коргоо максатында бардык укуктардан пайдаланат. Акыйкаттыктан тайган фактылар боюнча сотко кайрыла алат. Бул тууралуу жактоочу АКИпресс агенттигинде бир күн мурда уюштурган маалымат жыйынында билдирди:

- Аскар Акаевичке каршы текшерилбеген фактылар болгон шартта мен ишеним катта жазылгандай, анын атынан чыгып, аны коргойм.

Экс-президенттин бул аракетин Акаевге, анын жакындарына таандык деп саналган мүлктөрдү иликтөө комиссиянын мүчөсү, «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун башчысы Төлөкан Исмаилова кадыресе көрүнүш катары баалады:

- Пиночет дагы Чилиде же болбосо Милошевич элдин кызыкчылыгын сатып, жеке авторитардык режимди түздүрүп, бир гана өлкөнүн ичинде эмес, дүйнөгө жаман атагы чыккан. Акаевдин тагдыры да ошондой да. Ошон үчүн адвокат алабы укугун коргойм деп, башка аракет жасайбы, ал - дүйнөдөгү тажрыйба, андан эч нерсе болбойт. Ала берсин, иштей берсин.

Токталиев болсо экс-президенттин комитетке кайрылышынын себебин төмөнкүдөй негиздеди:

- Басма сөз беттеринде, телеберүүлөрдө биздин мурдагы президентибиз Аскар Акаевич мырзага адегенде 42 ишкана, азыркы күндө жүздөн ашык ишкана тиешелүү деген аша чабуулар себеп болду. Аскар Акаевич ага ыйгарылып жаткан бул мүлккө тиешем жок деп эсептейт.

Жактоочу Токталиевдин пикиринде, Акаевдин күнөөсү болсо, ал сот аркылуу чечилиш керек эле, бирок эки айдан бери дооматтардын бардыгы имиш деңгээлинде кала берүүдө.

Анткен менен мамлекеттик комиссиянын төрагасы Данияр Үсөнов өткөн аптадагы маалымат жыйынында 15 жылдан бери үй бүлөнүн айланасында чиеленишкен коррупцияны чечүү оңой эмес экенин белгилеген:

- Иш ушунчалык олуттуу, ошондуктан, алардын квартира менен машинадан башка эч нерсеси жок экен деп айтуу кыйынчылыкты туудурат, - деген Данияр Үсөнов.

Токталиев жана ал жетектеген «Кыргызстан элинин ар-намысын, беделин коргоо» комитети азырынча жеке гана Аскар Акаевдин укугун коргоо милдетин алды. Анткени үй бүлөнүн башка мүчөлөрүнөн мындай сунуш түшкөн жок:

- Алардын үй бүлөсүнөн Бермет Акаева да, Майрам Акаева да, Айдар Акаев да бизге кайрылган эмес. Бизге бир гана Аскар Акаев кайрылган. Биз ошонун укугун коргогонго аракет кылып атабыз.

Ушул максатта комитет Токталиевди мамлекеттик комиссияга Акаевдин өкүлү катары катыштырууну сурап, азыркы өкмөттүн жетекчилигине кайрылды. Комиссиянын мүчөсү Төлөкан Исмаилова бул сунушту проблема кыла турган жагдай жок дейт:

- Эч проблема жок. Комиссиянын иши ачык. Анткени бизге башка эксперттерди да кабыл алганга укук берилген. Сыр жок, комиссия жашырынып алып иштеген жок. Ошон үчүн аны комиссиянын мүчөлөрү карап көрөт.

Исмаилованын билдиргенине караганда, мамлекеттик комиссия маселеге саясий баа берүү милдетин гана өзүнө алган. Андан кийин иш тартип коргоо, сот органдарынын, көз карандысыз жергиликтүү, эл аралык адвокаттардын кароосуна өтөт. Өткөн аптада комиссия ишти соңуна чыгаруу үчүн өкмөттөн дагы бир ай мөөнөт сураган эле. Экс-президентке таандык деп эсептелген мүлктү иликтөө иштери мындан бир ай мурда башталган.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG