Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:14

КЫРЫМ ТАТАРЛАРЫНЫН МАСЕЛЕЛЕРИ АЛИ АРБЫН


Нарын АЙЫП, Прага 18-майда кырым татарларынын өз мекенинен көчүрүп жиберилгенине 61 жыл толду. Мындан 16 жыл мурда алар Кырым жарым аралына кайтып келүүгө укук алганы менен, алардын айрымдары ар башка себептерден мекенине көчүп келе элек, Кырымга кайткандардын деле маселелери арбын.

Сталиндик НКВД 1944-жылдын 18-майында кырым татарларын бир күндүн ичинде Борбор Азияга айдап жиберген, мал ташыган поезд менен бир нече күн жол жүргөндө, алардын көбү жолдо каза болуп, андан соң советтик бийлик алдында дээрлик эки муун пайда болгон мезгилде алар өз маданиятын жана улуттук өзгөчөлүктөрүн жогото баштаган. Бирок СССР президенти Михаил Горбачев баштаган жаңы саясаттын натыйжасында 1989-жылы кырым татарлары мекенине кайтууга уруксат алган жана сыртта жашаган калктын жарымынан көбү 16 жылдын ичинде Кырым жарым аралына кайтып келди.

Калгандарынын саны 150 миңден 200 миңге чейин деп эсептелинет жана алар Борбор Азиянын же Орусиянын ар башка аймактарында отурукташып калгандыктан, негизинен экономикалык себептерден мекенине кайта албайт. 1991-жылы алардын атайын парламенти - Кырым татар милли межлиси - түзүлгөн жана аны 14 жылдан бери Мустафа Жемилев жетектейт. Анын башкаруусу алдында бул межлис татарлар маселесин ар башка деңгээлде көтөрүп, бир топ маселени чечүүгө жетишти, мисал үчүн Украина парламенти көчүрүлгөн элдерге каражат жагынан жардам көрсөтүү тууралуу атайын чечим кабыл алган жана жыл сайын мамлекеттик бюджеттен ага каражат бөлүнөт, бирок ал баары бир жетишсиз жана андан тышкары кээ бир маселелер укуктук тоскоолдуктарга такалат.

Межлистин басымы алдында былтыр Украинанын парламенти көчүрүлгөн улуттарды реабилитациялоо тууралуу атайын мыйзам кабыл алган, бирок ал кездеги президент Леонид Кучма ага вето салып койгон.

"Азаттыктын" кабарчысы Жан-Кристоф Пук менен 12-майда болгон маегинде Мустафа Жемилев ал тууралуу жаңы президент Виктор Ющенко менен жолукканда сүйлөшкөнүн билдирди:

- Биз аны менен маселени талкууладык. Ал бизди 28-февралда кабыл алган жана сүйлөшүү дал ушу маселе жөнүндө болду. Украинанын жаңы президенти катары ал мурдагы президент салган ветону алып салууга укугу бар же жок экенин текшерип чыгууну өлкөнүн Укук министрлигинен сурады.

Азыр 61ге чыккан Жемилев 1944-жылы татарлар Кырымдан көчүрүлгөндө жаңы төрөлгөн ымыркай болчу жана советтик мезгилде татарлардын укугун коргоп, андан тышкары 1968-жылы советтик аскерлер Чехословакияга киргизилгенде ага каршы чыгып, басма сөз эркиндиги үчүн да күрөшкөндүктөн, 1966-жылдан 1989-жылга чейин үч жолу эркинен ажыратылып, баш-аягы 15 жыл абакта отуруп чыккан.

Анын айтымында, кырым татарларынын саны азыр Кырым калкынын бир пайызына да жетпейт, калктын көпчүлүгүн орустар түзөт жана алар татарлардын мекенине кайтып келишин жактырбайт:

- Орусия бизге эч кандай финансылык жардам көрсөтпөгөнү аз келгенсип, демографиялык тең салмак бузулат деп татарлардын Кырымга кайтып келишине да каршы. 1944-жылдагы депортацияга чейин кырым татарлары жарым аралдын түштүгүндөгү калктын 70 пайызын түзгөн, азыр биздин сан бир пайызга да жетпейт.

Андан тышкары, Украинада кабыл алынган жер мыйзамы боюнча, жарым аралдын көпчүлүк жери орус тилдүүлөргө сатылып жиберилген жана бул багытта дагы карала турган маселелер арбын.
XS
SM
MD
LG