Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:55

Жерди басып алгандардын маселеси талкууланды


БИШКЕК. 18-майда биринчи вице-премьер-министр Медетбек Керимкулов, Ички иштер министринин орун басары Абдылда Суранчиев, Бишкек шаар башчысы Аскар Салымбеков Бишкектин түндүк тарабындагы Асанбай кичи районунун жанында жерди ээлеп алган атуулдар менен жолугушту. Жер басып алуучулар 16-майдагы милиция кызматкерлери менен болгон кагылышуу ким тарабынан уюштурулганын жана өкмөттөн ким буйрук бергенин ачыкка чыгарууну, ошондой эле алар ээлеп отурушкан жер участокторун мыйзамдаштырып, документ берүүсүн талап кылышты.

16-майда Асанбай кичирайонунун жанында жер басып алгандар менен шаардык милиция кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу болуп 88 атуул жабыркап, бешөө ооруканага жаткырылган. Расмий маалыматтар боюнча тартип коргоо кызматкерлеринен 16сы жаракат алган. Ал эми укук коргоочулар 6 милиция жаракат алаганын айтышууда. Буга байланыштуу белгилүү укук коргоочу Турсунбек Акундун жетекчилигинде комиссия түзүлүп, учурда окуянын чоо жайы иликтенүүдө.

XS
SM
MD
LG