Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:49

Курманбек Бакиев Тажикстанда


БИШКЕК. 18-майда Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Курманбек Бакиев баштаган кыргыз делегациясы Тажикстанга иш сапары менен барды. Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, ушул эле күнү Курманбек Бакиев Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонов менен жолукту. Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташтык, коопсуздук маселелери боюнча пикир алышышып, өз ара макулдашуу менен жер бөлүп берүү жөнүндөгү макулдашууга кол коюшту. Бакиев белгилегендей, бул макулдашуу эки өлкөгө тең зарыл болгон стратегиялык мааниге ээ унаа жолдорун, жогорку чыңалуудагы электр түйүндөрүн курууга мүмкүнчүлүк берет.

Маалымат жыйынында Курманбек Бакиев Кыргызстанда 24-мартта элдик ыңклап болгондугун, ал мурдагы бийликтин ишиндеги кемчиликтен улам бышып жетилгенин белгиледи. Ал эми Анжиандагы окуяга байланыштуу Бакиев бул окуянын демилгечилери акыркы маалыматтарга караганда, диний экстремисттер болду деп, мындай башаламандыктарга терс мамиледе экендигин белгиледи. Бул күнү түштөн кийин Курманбек Бакиев Тажикстандын Согду облусунда болуп, Баткен-Канибадам жогорку чыңалуудагы өткөргүч түйүнүн ачуу аземине катышты.

XS
SM
MD
LG