Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:40

Россиянын Грузиядагы аскердик базаларын жабуу боюнча мунасалуу пикир түзүлдү


Ырасмий Москва Россиянын Грузиядагы эки аскердик базасын жабуу маселеси боюнча мунасалуу пикирге жакындап калышканын билдирди. Россиянын тышкы иштер министрлигинин билдиргенине караганда, эки тарап азыр Россиянын аскерлерин Грузиядан 2008-жылга чейин чыгарып кетүү жөнүндөгү келишимдин долборун талкуулап жатышат. Ал эми Грузин парламентинин спикери Нино Буржанадзе документте Грузияга ылайык келген сунуштар бар экенин жана алар жалпы келишимге негиз болуп бере ала турганын билдирди. Россия менен Грузиянын тышкы иштер министрлери бул маселени Еврокеңештин Варшавада өткөн саммитинде талкуулап, келерки жумада дагы жолугушмак болушту.

Эл аралык соңку кабарларды Прагадан Баян Жумакадыр кызы даярдады

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG