Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:08

Иракта жардыруулар уланууда


Ирактын Байжи шаарында жан кечти террорист өзүн-өзү жардырып, эки полициячыны өлтүрдү.Багдадда болсо полициянын тергөөчүсүн бирөөлөр өз үйүнөн өлтүрүп кетишти. Бакуба шаарында машинага орнотулган бомбадан 14 киши жаракат алды. АКШнын аскерлери бул жардыруу Ал-Кайыданын жергиликтүү лидери Ал-Заркавинин буйругу боюнча жасалганын божомолдошот. Өткөн айда жаңы өкмөт түзүлгөндөн бери Иракта кол салуулар күч алып, андан баш –аягы жарым миңдей адам набыт болду. Бүгүн эле Багдадда белгилсиз бирөөнүн атылган огунан Ирактын ички аскерлеринин генералы курман болду. Фалужанын жанында болсо мындан мурда барымтага алынган ирактык жети түркмөндүн денелери табылды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG