Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:38

Өзбекстандын ички иштер министрлиги Анжиядагы окуялар жөнүндө маалымат таратты


Ташкенде өткөн прессконференцияда өлкөнүн ички иштер министри Закир Алматов нааразылык акциялардын башчысы Кабул Парпиев болгонун жана ал эркиндикте кала берип жатканын билдирди. Министр ошондой эле митингчилер шаар акимчилигинин имаратын басып алып, 50дөй кишини барымтага алып, андан соң туткундардын бир нечесин атып салышкан, деп айтты. Алматов ошондой эле мурдагы цифраларга оңдоо киргизип, баш аламандыктарда 108 митингчи менен 32 солдат курман болгонун билдирди. Министр:"100дөй митингчини бандиттер атып салышты, калганы туш келди ок атышууда мерт болду",- деп айтты. Ал ошондой эле имараттын ичинде болгондор, сыртта турган митингчилерди калкан катары пайдаланышкан деп кошумчалады.Министр Анжиянда болгон окуяларга байланыштуу 81 киши камакка алынганын, алардын 50дөйү чет өлкөлүк жарандар экенин билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG