Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:29

Кыргыз-өзбек чек арасын бузуп өтүүгө аракеттер жасалды


Кыргызстандын чек ара кызматынын маалыматына караганда, бүгүн Өзбекстан тарабынан чек араны бузуп өтүүгө аракеттер жасалды. Кызматтын билдиришинче, Өзбекстандын Карасуу шаарында өзүн Дильмурат Тажибаев деп атаган адам элди Кыргызстанга өтүүгө үндөгөн, ал эми кыргыз чек арачыларынан өзбек жарандарын документтерин текшербестен өткөрүүсүн талап кылган. Чек арачылардын айтымында, Тажибаев Исламдык топтун мүчөсү. Кыргыз чек арачылары чек арадан көрүнбөй өтүүгө аракеттенген 15тей кишини кармап, Өзбекстанга өткөрүп беришти.

XS
SM
MD
LG