Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:26

КАРАСУУНУН ӨЗБЕКСТАН ТАРАБЫН ӨЗБЕК ЧЕК АРАЧЫЛАРЫ КӨЗӨМӨЛГӨ АЛА БАШТАДЫ


Кубаныч Жолдошев, Карасуу 19-май күнү Кыргызстан менен чектешкен Өзбекстандын Карасуу шаарына өкмөттүк куралдуу күчтөр кирип, чек аранын өзбек тарабын көзөмөлгө ала башташты. Чек аранын ары жагынан Кыргызстанга качып келген элдик кыймылдын айрым мүчөлөрү түн ортосунда шаарды тазалоо операциясы жүргүзүлгөндүгүн айтышты. Алар элдик кыймылдын башчылары жана бир канча мүчөлөрү Өзбекстандын күч органдары тарабынан камакка алынганын айтышууда.

Эрте мененки саат бештен баштап Шаркансай чек ара бекетинин аркы тарабын Өзбекстандын чек-арачылары көзөмөлгө ала башташты. Учурда атуулдар эки тараптуу чек-ара көзөмөлү аркылуу кирип -чыгып турушат. Өзбекстандын аймагынан качып өтүшкөн кыймылдын айрым мүчөлөрү түнкү саат экилер чамасында шаарга Өзбекстандын аскер күчтөрү киргендигин жана элдик кыймылдын уюштуруучуларын кармап кетишкендигин айтышты.

Кыргызстандын аймагындагы туугандарына өтүп келген өзбек атуулу Сажида Халдарова элдик кыймылдын бардык жетекчилери жана ондогон мүчөлөрү камалгандыгы жөнүндө маалымат алгандыгын билдирди. Анын айтымында, учурда Өзбекстандын күч органдары шаарды элдик кыймылдын башчыларынан тазалоо жана калк арасында коркутуу иш-чараларын жүргүзүп жатышат.

Карасуудагы кыргыз-өзбек Шаркансай чек ара тилкесинде Өзбекстандын аскердик тик учмалары эки сааттай учуп жүрүштү. Өзбекстандык тик учмалардын чек ара аймагындагы аракеттери тууралуу кыргыз чек-арачылары комментарий берүүдөн баш тартышты.

Кара-Суу районунун акими Абибулла Бабанов болсо аба мейкиндигиндеги чек арага улам кирип чыгып учуп жатышкан тик учмалардын максаты жергиликтүү кыргыз бийликтерине түшүнүксүз экендигин билдирди.

Кыргызстанда турушкан чет элдик журналисттер чек аранын аркы тарабындагы абал менен таанышуу максатында өзбек чек арачыларынан уруксат сурашты. Бирок бул сураныч канааттандырылган жок.
XS
SM
MD
LG