Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:49

Жалалабаттагы бейөкмөт жана адам укугун коргоо уюмдары Кыргыз өкмөтүнө кайрылуу кабыл алышты


ЖАЛАЛАБАТ. Кайрылууда Анжияндагы 13-май күнү болгон кандуу окуядан улам кыргыз аймагына качып өткөн жана Өзбекстанда тынч кырдаал түзүлгөнчө убактылуу турган өзбек жарандарынын тагдырына тынчсыздануу билдирилди. Анда белгиленгендей Өзбекстандагы кыйноо, зордук-зомбулуктар Бириккен Улуттар Уюму менен адам укугун коргоочулардын баяндамаларынан улам белгилүү. Эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз өкмөтү Кыргызстанга качып келген өзбекстандыктарды өз өлкөсүнө өткөрүп бербөөсү керек. Кыргызстан Өзбекстандын ички ишине кийлигишпей тургандыгы жана өлүмдөн араң кутулган адамдарды өз аймагынан күч менен чыгарбоо өтүнүчү айтылып, качкындарга бардык шарттарды түзүү талабы койулду. Өз ынанымдары үчүн баш калка издеген башка өзбекстандыктарды да кабыл алууга милдеттүүлүгү эскертилген кайрылууга облустагы 16 уюмдун өкүлдөрү кол коюшту.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG