Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:07

Кыргыз бийлик өкүлдөрү Орусия думасынын өкүлүн кабыл алышты


БИШКЕК. Эки күндөн бери Кыргызстанда жүргөн Орусия мамлекеттик думасынын КМШ иштери боюнча комитет төрагасы Андрей Кокошин 19-майда Ош шаарына сапар алды. Ал Бишкекте Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев, биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов, Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты. Анда негизги көңүл миграция, кош жарандык, аймактык коопсуздук маселелерине бурулду. Маселен, Феликс Куловдун 18-майдагы жолугушууда белгилегенине караганда, Орусия Борбор Азия аймагында жамааттык коопсуздук системасын бекемдөөгө кунт коюу менен көңүл буруусун улантуусу зарыл.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG