Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:07

Пикетчилердин парламентке кирүү аракети ишке ашкан жок


БИШКЕК. Жогорку Соттун кетишин талап кылган пикетчилер 19-майда Жогорку Кеңештин алдына кезектеги нааразылык чарасын уюштурушту. Алар Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмоновдун, сот коллегиясынын, Парламенттин кетишин талап кылышты. Пикетчилердин басымдуу бөлүгүн Жогорку соттун имаратын 22-апрелден бери ээлеп турган №6-шайлоо чөлкөмүндөгү шайлоочулардын өкүлдөрү түздү. Парламенттин имаратына кирүү максатында пикетчилер тарабынан үч ирет аракет жасалып, ишке ашкан жок. Парламентти милиция кайтарып турду. 150 чамалаш нааразы адамдардын катарына жерге байланыштуу нааразылык билдиргендер да кошулушту.

Бул күнү парламент отуруму толук кандуу иштеген жок. Буга кворумдун жоктугу себеп болду.

XS
SM
MD
LG