Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:11

Кыргызстандык жаштар Өзбекстандык жарандарга тилектештик билдиришти


БИШКЕК. 19-майда Борбор Азиядагы Америка университетинин студенттери менен «Келкел» жаштар уюмунун, Кыргызстандагы студенттер биримдигинин өкүлдөрү Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигинин алдына пикетке чыгышты. Беттерин көз жаш тартылган кагаз чүмбөт менен жаап, ооздорун чаптап алышкан 20 чамалаш улан-кыз «Өзбекстандагы зомбулукту токтотолу!» деген чакырыкты кармап турушту. Муну менен алар укуктары чектелип жаткан өзбекстандыктарга тилектештиктерин, набыт болгондорго көңүл айтууларын билдиришти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG