Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:25

БШК жетекчилигине каршы кылмыш иши козголду


БИШКЕК. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчилигине кылмыш кодексинин 316-беренесине ылайык өз ишине шалаакылык менен мамиле кылган деген айып менен кылмыш ишин козгоду. Ошондой эле Башкы прокуратура президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевге жана Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевге кайрылуу жолдоп БШК төрагасы баштаган комиссия мүчөлөрүн кызматтан кетирүүнү өтүндү. Кайрылууда Борбордук шайлоо комиссиясы үстүбүздөгү жылы өткөрүлгөн парламенттик шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына нааразы болгон талапкерлердин арыздарына көңүл коштук менен мамиле кылып,
жеткиликтүү түрдө иликтөө жүргүзбөй, убагында карабагандыктан мурдагы бийлик колдогон талапкерлер депутаттыка шайланышкандыгы айтылган. Ага мисал катары №1 Университет шайлоо округунан ат салышкан талапкер Болот Марипов, Кунай Шеримкулов жана башка бир нече талапкерлердин арыздары өз убагында каралбагандыгы келтирилген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG