Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:56

Россия 2007-жылдан партиялык тизме менен шайлоого өтөт


Президент Путин Россиянын Мамлекеттик Думасына көз карандысыз талапкерлердин шайланышына тыйуу салган мыйзамга кол койду.
Жаңы мыйзамга ылайык, Думанын мүчөлөрү 2007-жылдан тартып партиялык тизме боюнча гана шайланышат. Азыркы Думанын мүчөлөрүнүн жарымы түз шайланган адамдар. Жаңы мыйзам былтыр Россияда болгон террордук чабуулдардан кийин башталган реформанын бир бөлүгү. Батыш өлкөлөрү реформа демилгесин авторитардык башкарууну күчөтүү аракети катары сындашкан.

XS
SM
MD
LG