Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:01

Өзбек аскерлери Анжияндын Карасуу шаарын кайра ээлешти


Өзбек аскерлери Түштүк Кыргызстанга чектеш Карасуу шаарына бүгүн таңга жуук кайра кирди. 14-майдагы тополоңдо шаар козголоңчулардын колуна өткөндөн, аскерлер кааланы калтырып кетүүгө мажбур болгон эле. Жергиликтүү элдин айтышынча, шаарды алууга 200дөн 1 миңге чейин аскер катышты. Күбөлөр козголоңчулардын башчысы деп шектелген адам камакка алынганын айтышууда.
“Азаттыктын” кабарчысы Гафур Юлдошевдин маалымдашынча:


-Жоокерлер шаарды контролдоодо. Абада тикучарлар тынбай учууда. Кыргызстан менен байланыштырган көпүрөнү кайтарган чек арачылар да кайтып келишти. Алардын көбү куралчан жүрөт. Автоматтан ок атууга даяр турган кара окшош кийимчендер да жүрөт. Алар ички иштер министрлигинин кызматкерлери сыяктанат.

Өзүн Анжияндагы козголоңдун башчысы деп атаган Бактияр Рахимов камакка алынды. Ал кечээ журналисттерге Өзбекстанда ислам мамлекетин орнотууга жардамдашуу өз максаты экенин айткан. Кыргызстанга качып өткөн өзбек качкыны Амина Мадумарованын айтышынча, Рахимов бүгүн таңга жуук Өзбек коопсуздук күчтөрү Карасуу шаарын кайра ээлегенден кийин камалган:


-Алар шаарды басып алышты, Бахтиярды (Рахимовду) жана башка адамдарды камакка алышты. Козголоңчуларды коргомок болгон адамдарды Каримовдун жоокерлери ок атабыз деп коркутушту.

XS
SM
MD
LG