Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:30

КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ТАЖИКСТАН ЭЛЕКТР ТАРМАГЫ БОЮНЧА КЫЗМАТТАШАТ


18-майда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Курманбек Бакиев Тажикстанда жумуш сапар менен болуп келди. Сапар учурунда эки тарап жогорку чыңалуудагы электр линияларын жана автоунаа жолун курууга жер бөлүштүрүү тууралуу макулдашууга кол коюшту.

Кыргызстан менен Тажикстан суу башындагы өлкөлөр. Иш жүзүндө Борбор Азия регионундагы суу ресурстары ушул эки өлкөнүн көзөмөлүндө турат. Бирок буга карабай эки өлкө тең суу ресурстарын өз монополиясына алууга аракеттенбешин, бирок кызматташууда өз кызыкчылыктарын эске алынышын жактаарын тажик президенти Эмомали Рахмонов Курманбек Бакиев менен сүйлөшүүсүнөн кийин билдирди. Ал эми Курманбек Бакиев эки өлкө бул багытта бирдиктүү саясат жүргүзсө ийгиликке жетишээрин белгиледи.

Бакиевдин сапары учурунда кол коюлган документ тууралуу президенттин басма сөз катчысы Авазбек Атаханов буларды билдирди:

- Ал документ боюнча жогорку чыңалуудагы электр линияларын куруу үчүн эки мамлекет жер участокторун бөлүп берет. Ал участоктор электр линиясын куруу багытында гана пайдаланылат.

Эки өлкө жол куруу багытында да кызматташууга дилгирлигин билдирген. Өзгөчө Тажикстан менен Ооганстанды туташтыруучу жол, Пакистандын Карачи портуна чыгуучу жолду куруу багытында Кыргызстандын катышуусу жөнүндө сөз болду, деп белгиледи Атаханов.

Кыргыз электр тармактар акционердик коомунун төрагасынын орун басары Ильяс Давыдов, кыргыз-тажик өкмөттөрү кол койгон келишимдин мааниси тууралуу буларды билдирди:

- Биринчиден бул Баткен жана Согду облустарын электр кубаты менен туруктуу камсыздоого шарт түзөт. Экинчиден, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүдө элге электр кубатын берүү мурдагыдай үзгүлтүккө учурабайт.

Анын айтымында, Баткен-Канибадам электр линиясы тажик электр энергиясын Кыргызстанга эле эмес, Россия, Казакстан базарына чыгарууга жол ачса, күз, кыш мезгилдеринде Тажикстанда электр энергиясы таңсык болгондо Кыргызстандын электр кубатын Дүйшөмбүгө сатуусуна жол ачат.

Курманбек Бакиев менен Эмомали Рахманов сүйлөшүүлөрүнүн соңунда журналисттердин суроолоруна да жооп беришкен. Анда Бакиев Кыргызстанда чыныгы элдик ыңкылап болду жана ал Бишкектин коңшу мамлекеттер болгон мамилесине терс таасирин тийгизбейт, тескерисинче ага жаңы дем берет, деп билдирген.

Кыргызстандын жаңы бийлиги коңшу мамлекеттер менен мамилени жолго коюуга аракеттенүүдө. Бул багытта Курманбек Бакиевдин Казакстан, Россияга барып келгени белгилүү. Эми мына Тажикстанга иш сапар болду. Ушундай эле сапар Өзбекстанга да даярдалып жаткан. Бирок Анжиян окуясынан соң анын качан ишке ашаары белгисиз.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG