Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:08

КАЧКЫНДАР ТУРГАН ЖЕРДЕН ЖУГУШТУУ ООРУЛАР ЧЫГЫП КЕТИШИ ЫКТЫМАЛ


Султан Каназаров, Сузак Жалалабат облусунун Сузак районундагы качкындарды фильтрациялоо лагеринде беш күндөн бери 540 адам жашап жатат. Бул жерде санитардык абалды жетишээрлик деңгээлде камсыздоо мүмкүн болбогондуктан ар кандай жугуштуу оорулардын чыгып кетүү коркунучу туулуда.

Бейшембиде Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү качкындар жайгашкан жерге келишип, санитардык абалды текшеришти. Алардын билдирүүсүнө караганда, качкындар лагериндеги санитардык акыбал өтө начар. Ичкелте, дизентерия жана башка жугуштуу оорулар чыгып кетиши ыктымал. Себеби даараткана адамдар жаткан чатырдан болгону эки-үч гана кадам нарыда жайгашкан. Санитардык кызматтардын талабы боюнча адам жашаган жерден даратканалар жок дегенде 50 метр жерде болушу керек. Эң коркунучтуусу качкындар лагеринде инфекциялык оорулар пайда болчу болсо, анда бул жерге жакын жайгашкан кыргыз айылдарына ошол орулар чымын, чиркей аркылуу тарап кетүүсу мүмкүн. Ушундан улам бул маселеде дарыгерлердин тынчсыздануусу күч.

Бул күнү качкындарга ЮНИСЕФ уюмунан да өкүлдөр келишти. Алардын маалымдоосу боюнча да санитардык акыбал өтө начар. Аял кишилердин гигиеналык каражаттары жок. Жаш балдар келгенден бери жуунуга мүмкүнчүлүк жок. Азыр Кыргызстандын өкмөтү аларды суу жана тамак-аш менен камсыз кылып жатат, бирок жетишээрлик деңгээлде эмес.
Ушул эле учурда “Кызыл жарым ай” коомунун өкүлдөрү да бул жерде текшерүүлөрдү жүргүзүп жатышат.

Кечээ күнү биздин атайын кызматтар тарабынан жана тышкы иштер министрлигинен качкындардын ким экенин билүү боюнча документтер түзүлгөн. Азырынча 491 адамга Өзбекстандан качып келип, бизден баш баанек издеп жатат деген документтер берилген. Ал документтер боюнча өзбек жарандарынын так аты-жөнү, кайсыл жерде жашаганы такталууга тийиш. Бирок бул жердеги 540 адамдын 491ине гана “баш калка издеген” деген документ берилишин эмнегедир бизге эч ким түшүндүрө алган жок.

XS
SM
MD
LG