Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:16

Качкындар эл аралык уюмдун камкордугунда


БИШКЕК. Эл аралык Кызыл жарым ай коомунун Жалалабад облустук бөлүмү Өзбекстандан качып келген 540 адам үчүн жылуу кийим, 80 төшөк таратты. Буга күндүн суукташы жана качып келген адамдар турган лагерде сасык тумоонун тарашы себеп болду. Коомдун билдирүүсү боюнча, сасык тумоологон 3 бала Жалалабаддын ооруканасына жаткырылды жана лагерде оору күч алышы мүмкүн деген божомол бар. Кызыл жарым ай коому жакын арада ал жерге дагы 50 чатыр алып келгени жатат. Азыр Сузак районунун аймагында Өзбекстандын 491 атуулу бар жана алар Кыргызстандын миграциялык департаментинин каттоосунан башпаанек издеген адам катары катталып, күбөлүк алышты.

XS
SM
MD
LG