Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:34

Академиктин үйү иликтөөгө түштү


БИШКЕК. Кыргызстандын экс-президентинин кеңешчиси, Эл аралык университеттин ректору, академик Асылбек Айдыралиев окуу жайдын эсебинен курулган үйдү өзүнө мыйзамсыз менчиктеп алган. Мындай маалыматты 20-майда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы таратты. Маалыматка караганда, Айдыралиев Ортосай айылында 4 миллион 907 миң сомдук үйдү университет үчүн куруп, бирок өзүнө жаздырып алган. Аны Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматтык кылмыштарга каршы күрөш бөлүмү иликтөөгө алып жатат. Ал эми Асылбек Айдыралиев «Азаттык» радиосуна эч кандай кылмыш иши ачылган жок жана иликтөө жүргөн жок деп билдирип, өзү эч кандай мыйзамсыз аракеттерге барбагандыгын кошумчалады. Анын айтымында, мындай сөздөр саясий негизде атайлап таратылып жатат. Ал эми окуу жайдын жамааты 20-майда президентикке талапкерликке Курманбек Бакиевди бир добуштан көрсөттү.

XS
SM
MD
LG