Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:06

Чет жерде жүргөн атуулдар добуш беришет


БИШКЕК. Кыргызстандын чет жерде жүргөн атуулдары үчүн Тышкы иштер министрлиги элчиликтер менен консулдуктарда 28 шайлоо участкасын уюштурду. Бул тууралуу 20-майда Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдө шайлоого даярдык көрүү боюнча уюштуруу комитетинин төрагасы Кайнар Токтомушев билдирди. Анын айтымында, шайлоочунун баш бармагына белги коюу Түркия, Германия жана КМШ мамлекеттериндеги шайлоо участкаларында жүргүзүлөт. Бирок чет жерде жүргөн атуулдардын шайлоого катышуусун уюштурууга расмий каттоосу жок эмгек мигранттарынын көптүгү башкы тоскоолдук болууда. Анткени, алар жүргөн бир катар мамлекеттерде Кыргызстандын элчиликтери менен консулдуктары жок.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG