Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:27

Өзбекстан нота берди


БИШКЕК. Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын элчилигине 19-майда нота тапшырды. Анда Өзбекстан чек арада күтүүсүз окуялардын алдын-алуу үчүн мамлекеттик чек ара постторун бекемдөөгө кыргыз бийлигин чакырды. Нотада андан тышкары Кыргызстандын жергиликтүү бийликтери кырдаалды көзөмөлдөбөй жатат деп айтылып, аны жөнгө салуу аракети көрүлбөсө кырдаал чектен чыгып кетээрин белгиленген. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен 20-майда алынган маалымат боюнча, нота жакын арада каралып, тиешелүү жооп берилет. Ал эми биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов Өзбекстан менен кайым айтышуунун зарылдыгы жок, себеби, анда коңшу мамлекеттердин ортосунда диалог жоюлат деген пикирин билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG