Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:49

Баяман баш тартты


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин депутаты Баяман Эркинбаев президенттик шайлоого талапкер катары катышуудан баш тартты. Ал бул тууралуу 20-майда өкмөт үйүндө биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов менен биргеликте өткөргөн маалымат жыйынында билдирди. Эркинбаев өзүнүн мындай чечимге келүүсүнө Фергана өрөөнүндө кырдаалдын курчушу, Халифат куруу идеясынын күчөшү түрткү болгонун айтып, мындай шартта саясий күрөш менен алектенүүгө атуулдук парзым жол бербейт, деп белгиледи. Баяман Эркинбаев президенттик шайлоого талапкер катары катышаарын 29-апрелде жарыялаган. Ал мындай чечимге 28-апрелдин кечинде өмүрүнө кол салуу болгондон кийин келгендигин билдирген эле. Феликс Кулов Баяман Эркинбаев мындай чечимге өз ыктыяры менен эч кандай басымсыз келгенин айтып, «Баяман жаш болсо да акылман чечим кабыл алды» деп белгиледи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG