Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:24

КАРИМОВ АННАНДЫН СУНУШУН ЧЕТКЕ КАКТЫ


Баян Жумакадыр кызы, Прага 19-майда АКШнын адам укуктарын көзөмөлдөө боюнча агенттиги –Хельсинки Комиссиясы Өзбекстандагы окуялар боюнча атайын угууларды өткөрүп, президент Ислам Каримовдон окуянын көз карандысыз иликтөөсүн өткөрүүнү талап кылды. Хельсинки Комиссиясы президенттен өлкөдө экономикалык жана саясий реформаларды жүргүзүүнү талап этип, реформаларга киришүүгө дагы эле кеч эмес экенин эскертти.

АКШнын Хельсинки Комиссиясынын төрагасы сенатор Сэм Браунбэк өзбек бийликтери Анжияндагы окуяларда ого эле катаң чара көргөн, деп айыптады:

- Бийликтердин куралсыз карапайым кишилерге чабуул койгондугу терең кайгыртат. Куралчан топтор түрмөдөгү кишилерди бошотуп, эркиндикке чыккан кишилердин арасында террористтер бар болгондугун, калабада курман болгон адамдардын саны маалымат каражаттарында айтылгандан азыраак экенин болгологон күндө дагы, Өзбек өкмөтүнүн элге каршы күч колдонгондугу акылга сыйбас нерсе болгон. Бул чоң катачылык .

Анжияндагы окуяларга сереп салган эксперттер Каримовдун өкмөтү түрмөнүн басылып алынышына алып келген түпкү себептерди ачык айтуусу керек экенин айтышат. Ал эми Карнеги корунун Борбор Азия маселелери боюнча эксперти Марта Брилл Олкотт Каримов Анжиядагы окуялардын көз карандысыз комиссия тарабынан ийне-жибине чейин иликтенип чыгуусуна жол берүүгө милдеттүү деп билдирди:

- Эл аралык коомчулук өкмөт менен калктын ортосундагы абалды ого бетер шыкактап жаткан буйтактаткан жоопторду уккусу келбейт, ал Анжиянда чындыгында эмне болгонун билгиси келет. Эл аралык коомчулук бул окуя туралуу бир жактуу, калыс эмес пикир түзүлүшүнө жол бербейт.

Олкотт ошондой эле Өзбекстандан реформаларды жүргүзүүсүн талап кылып, Ташкенге кысым көрсөтүүсүн расмий Вашингтондон суранды. Анын айтымында, терроризмге шылтоолоп адам укуктарын тебелеп-тепсеп, басмырлаганга жол берүүгө болбойт:

-Каримовдун өкмөтү азыр ара жолдо турат жана өлкөдө саясий-экономикалык рефомаларды жүргүзмөйүнчө, өлкөнү көзөмөлдө кармап туруу Каримов үчүн проблема болуп кала берет.

Бирок Каримовдун өкмөтү Анжиядагы окуяларды көз карандысыз иликтөөгө каршы чыгып жатат. 19-майдын кечинде президент Ислам Каримов Улуттар уюмунун Баш катчысы Кофи Аннан менен телефон аркылуу сүйлөшүп, республикадагы акыбалды толук көзөмөлдө кармап турганын, кишилердин өлүмүндө күнөөлүүлөр жоопко тартылып, жазасын алаарын айтып, эл аралык комиссиянын бул маселеге кийлигишүүсүнүн эч кандай зарылдыгы жок, деп билдирди.

Өзбекстандын өкмөтү 13-майдагы кандуу калабада 169 киши набыт болгонун билдирүүдө, ал эми эл аралык укук коргоо уюмдары өлгөндөрдүн саны бир миңге барышы мүмкүн экенин божомолдойт.

Улуттар уюмунун Адам Укуктары боюнча комиссары Хосе Диаз Анжияга барууга уруксат сурап, өзбек өкмөтүнө бейшемби күнү эле кайрылганын, бирок ал өтүнүчүнө алигиче жооп али электигин айтты.
XS
SM
MD
LG