Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:25

ӨЗБЕК ПРЕЗИДЕНТИ АНЖЫЯНГА БУУнун ЭКСПЕРТТЕРИ БАРЫШЫН КААЛАБАЙТ


Өзбекстандын президенти Ислам Каримов Анжыяндагы кандуу окуялар боюнча эл аралык иликтөө жүргүзүү сунушун колдобойт. Ушундай пикирин ал бейшембиде Улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатып билдирди. Байкоочулар Анжыянда кырдаал тынчып баратканы менен көчөлөрдө куралчан аскерлердин көптүгү элди сестендирип турганын айтышат.

Улуттар уюму бейшембиде Өзбекстандын президенти Ислам Каримов баш катчы Кофи Аннанга телефон чалып, өткөн жума күнү Анжыянда болгон окуялар, өлкөдөгү азыркы кырдаал туурасында учкай кабарлаганын маалымдады. Бул тууралуу Нью-Йоркто кабарчыларга билдирген Улуттар уюмунун басма сөз катчысы Фред Экхард эки жетекчинин телефон маеги узак жана маңыздуу болду деп белгиледи. Экхарддын айтымында, баш катчы Аннан андан соң Өзбекстандагы кырдаалды Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс менен талкуулады.

Жума күнү маалымат каражаттары Улуттар уюмунун адам укуктары боюнча комиссары Луиз Арбурга шилтеме жасап, өзбек президенти БУУнун баш катчысы менен сүйлөшүп жатып, Анжыяндагы окуялар боюнча эл аралык иликтөө жүргүзүүнүн зарылдыгы жок деп айтканын кабарлашты. Ырасмий Ташкендин өкүлдөрү Ислам Каримовдун бул пикирин ырастоодон баш тартып, «Батыштык маалымат каражаттарынын дагы бир ойлоп тапкан амалы» катары сыпатташты.


Эмнеси болсо да, Улуттар уюмунун адам укуктары боюнча комиссарлыгынын өкүлү Хосе Луиз Диаз бул маселе боюнча өзбек өкмөтү менен иштешип жатканын белгиледи:

-Улуттар уюмунун Баш катчысы Кофи Аннан жана өзбек президенти кечээ телефон аркылуу маектешкенде, Өзбекстандын бийлиги азыркы тапта эл аралык иликтөө жүргүзүү сунушун колдобой турганы белгилүү болду.


Диаз мырза андан ары президент Каримов андай эл аралык иликтөөгө таптакыр каршы экени, же жөн гана бир аз күтө туруу керектигин айтып жатканы азырынча анык эмес деп кошумчалай кетти:

-Муну айтыш кыйын. Биз өзбек президенти Анжыяндагы окуялар, алардын тегерегиндеги жагдай жөнүндө так маалымат таратылышы үчүн көз карандысыз иликтөө жүргүзүүгө уруксат берет деп үмүттөнөбүз. Ал жердеги окуялардын аныгын билүү, менимче, өзбек элинин жана жалпы эл аралык коомчулуктун кызыкчылыгына төп келчү иш.

Азырынча эл аралык коомчулуктун өткөн жума күнү Анжыянда кандай окуялар болгонун, канча адам аскерлердин огунан ажал тапканын билүү аракети ырасмий Ташкендин бекем тосмосуна кабылып, майнапсыз болууда. Өзбек өкмөтү уюштурган атайын сапар маалында чет элдик дипломаттар менен журналисттер карапайым адамдарга жолугуп маектеше албай, атайлап чакыртылган бир-эки кишинин айткандарын угуп кайтканына нааразы.


Кыргызстанда баш калкалап жаткан Анжыяндык качкын аялдар 13-майда жашоо-турмуштун кыйындыгына нааразылык билдирип көчөгө чыкканын айтышат. «Азаттыктын» Жалалабаддагы кабарчысы Ырасбай Абдраимов менен болгон маегинде аттарын атагысы келбеген качкындардын бири: «Биздин аскерлер элге каршы ок атканы ойго келгис окуя болду. Алар аялдарды, өзүлөрүнүн энелерин, чоң энелерин аткылап жатышты. Жаадырылган октор алдында биз Кыргызстанга качууга аргасыз болдук», - десе экинчиси: «Беш, сегиз бала төрөгөн аял эч убакта калп айтпайт. Демострацияга чыккандар менен бийликтен эч ким басып барып сүйлөшүп койгон жок. Биздин укугубуз бар да. Кан дарыядай эле акты го», - дейт Анжыяндан кечинде кичинекей баласын көтөргөн бойдон жөө Жалалабад облусуна таңында жеткен бул аял.

Кыргызстандык дарыгерлер жана эл аралык уюмдар өзбек качкындарына токтоосуз жардам көрсөтүү зарыл экенин билдирүүдө.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG