Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:55

ОРУСИЯЛЫК ГЕЗИТТЕР АНЖИЯН ОКУЯЛАРЫН ТАЛДАШУУДА


Төрөкул Дооров, Москва. Аяктап бараткан жума постсоветтик мейкиндикте дагы бир «түстүү ыңкылаптын» орун алыш мүмкүнчүлүгү менен коштолду. Жума ичи орусиялык басылмалардагы макалалардын маани-маңызы ушул өңүттө айтылып-жазылып жатты. Орус маалымат мейкиндиги Фергана өрөөнүндөгү кырдаалды кайсыл өңүттө талкуулады?

«Каримовко каршы чыккан ислам», «Пахта ыңкылабынын арбагы», «Исламсыз Каримов», - мунун баары орус гезиттеринде жума ичи айтылган макалалардын айрымдарынын гана аттары.

Күтүлгөндөй эле, Анжиян окуяларын талкуулаган орусиялык журналисттер, эң ириде, «жибек ыңкылабы» тууралуу кеп кылып, кийинчерээк «ислам фактору» же диний темага өтө башташты.

Аптанын башында «Время новостей» гезити «Анжиян чатагы акыркы 15 жылдан бери Ислам Каримовко көрсөтүлгөн эң олуттуу коркунуч» болду деп баалады. Макаланын автору Аркадий Дубновдун оюнда, «Каримов Акаев эмес жана өзбек жериндеги тополоң «кыргызча багытта» өнүгүшү дээрлик мүмкүн эмес». Ошол эле учурда, ал «жакынкы мезгилдерде Анжияндагы чатак өлкөнүн башка региондоруна да таркап кетиши айкын» дейт.

Бирок «Время новостейде» айтылгандарга «Газета» басылмасы кошулбай тургандыгын билдирди. Анын жазышынча, «Каримов Акаевдин жолун жолдоп, Өзбекстанда саясий элита алмашып калышы деле ажеп эмес».

Бирок Анжияндагы тополоң күч менен басылганына шилтеме берип, «Россия» журналы жана «Трибуна» басылмасы «Дагы бир жибек ыңкылабы болбой калды», «Ташкент өзүн-өзү коргой алды» деп жазышты.

«Известиянын» ишениминде, «Тополоңду күч менен басуу ыкмасы Каримовдун чыныгы авторитардык мүнөзүн көрсөттү». Ошол эле учурда, басылма «Өзбек ыңкылабынан бүтүн дүйнө коркот, анткени эгерде Каримовдун режими куласа, анын ордуна, Грузиядагыдай, Украина же Кыргызстандагыдай, саясатчылар эмес, чыныгы исламчыл радикалдар келиши айкын» дейт.

Анын аралыгында, «Российская газета» постсоветтик аймакта уланып жаткан «ыңкылап кесели» жакынкы жылдары Орусияны да каптап кетээринде шек жок» деп ишенээрин жазды.

Ушундан уламбы, «Коммерсант» гезити жазгандай, ушул тапта Орусия менен Белорус, жана Казакстандын президенттери утуру бири-бири менен жолугуша турган болушту. «Болгондо да алардын жолугушуусу тууралуу бир күн калганда, же ошол эле күнү маалым боло калат. Алар кантип коргонууну талкуулап жатат көрүнөт» дейт «Коммерсант».

Басылма буга мисал катарында Белоруста күч структураларынын жабык съезди өткөнүн, Казакстанда болсо шайлоодон кийин ырасмий жыйынтыктар чыкканга чейин митинг-демонстрацияларды өткөрүүгө тыйуу салган мыйзамдын кабыл алынышын, жана Москвада «антиреволюциялык» жол жүрүш уюштуруу үчүн Ленин атындагы проспекттин жабылышын келтирет.

Кантсе да, Анжиян окуяларын жазбаган орусиялык басылма калган жок шекилдүү. Жергиликтүү эксперттер менен саясатчылардын ой-пикирлери дээрлик күндө жарыя кылынып турат.

Өзбекстандагы окуялар бул жумада биринчи орунга чыгып, орус гезит беттериндеги Кыргызстан темасын экинчи орунга сүрүп чыгаргандай болду.

Кыргызстандагы окуялар тууралуу жазылган макалалардын көпчүлүк бөлүгү алдыдагы президенттик шайлоого тиешелүү кабар-маалыматтарга арналат.

«Независимая газета» шаршемби күнкү макаласында «Кыргызстанда президенттик шайлоо альтернативсиз өтөт» деп жазды. «Президенттикке ат салышууга каалоосун билдирген негизги талапкерлер Феликс Кулов менен Курманбек Бакиевдин тандеми туралуу эшитиши менен оюндан четтей башташты» дейт гезит.

«Россия» журналы 24-марттын түнүндөгү каракчылыкка кайрылууну туура көрдү. Анын жазышынча, дал ушул жагымсыз окуялар кыргыз бизнесинен чет элдик инвесторлордун кете башташына себеп болду. Азыр кыргыз бизнеси чет өлкөлүк инвесторлор үчүн анча деле көрктүү болбой калды» деп жазат «Россия» басылмасы.

Орусиянын Федерациялык Кеңешинин төрагасынын орун басары Александр Торшин жакында эле Кыргызстанда болуп кайтып, эми «Парламентская газетага» маек берген. Анын айтымында, орусиялык маалымат булактары Кыргызстандагы кырдаалды туура эмес чагылдырып жатышат. «Мен Бишкекке келип, эч кандай бузулуп жаткан ири объекттерди, баш-аламандыкты көрбөдүм» дейт ал. Торшиндин ишениминде, «Орусия менен Кыргызстан ортосунда кош атуулдукту киргизүү туура болмок. Анткени бул эки тарап үчүн тең пайдага гана турат.
XS
SM
MD
LG