Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:55

Ирак премьер-министри Түркияга келди


Ирактын премьер-министри болуп дайындалгандан кийин Ибрагим ал-Жаафари кечээ күнү биринчи чет өлкөлүк сапар менен Түркияга келди. Бүгүн Анкара шаарында ал түрк өкмөтүнүн башчысы Режеп Тайып Эрдоган менен жолугуп, эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташуу маселелерин жана коопсуздук чараларын талкуулады. Түркиялык "Хүрриет" гезитинин жазышынча, Ирактын Түркияга болгон карызы бир миллиард 700 миллион долларга жетет жана жолугушуу учурунда аны төлөө шарттары дагы талкууланды.

XS
SM
MD
LG