Астана шаарында бүгүн Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигинин коопсуздук кызматтарынын башчыларынын жыйыны болуп өттү. Анын ачылышында Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын төрагасы Николай Патрушев чыгып сүйлөп, акыркы мезгилде дүйнөдө болуп жаткан окуялар - коопсуздук кызматтары ортосундагы кызматташууну күчөтүү керек экенин көрсөтүүдө деп билдирди. Жыйында шектүү адамдар тууралуу маалымат менен бөлүшүү жөнүндөгү протоколго кол коюлду.
- Кеңештин кароосуна биз террордук аракеттерге аралашкан адамдардын кол тамгаларынан турган биргелешкен архив түзүү боюнча протоколдун долбоорун даярдадык, - деди Патрушев.
- Кеңештин кароосуна биз террордук аракеттерге аралашкан адамдардын кол тамгаларынан турган биргелешкен архив түзүү боюнча протоколдун долбоорун даярдадык, - деди Патрушев.