Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:08

Анжиян окуяларына эл аралык тергөө жүргүзүүгө президент Каримов каршы


Анжиян окуяларына эл аралык тергөө жүргүзүүгө президент Ислам Каримов каршы чыкты жана ал тууралуу кечээ күнү кечинде Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө да айтты. Бириккен Улуттардын Женева шаарында жайгашкан Адам укуктар боюнча комиссарынын маалымат катчысы Хосе Диастын айтымында болсо, кечээ күнү өзбек өкмөтүнө расми кат жөнөтүлдү. Аны Бириккен улуттардын атайын адиси Филип Элстон жазган. Элстон мыйзамсыз өлтүрүүлөрдү иликтөө боюнча адис жана Анжиянга барып, абал менен жеринде таанышууну каалайт. Анын айтымында, Анжиянда жүздөгөн адам, алардын ичинде балдар жана аялдар өлгөнү тууралуу кабарлар аны өтө тынчсыздандырат.

XS
SM
MD
LG