Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:14

Атбашы районундагы медицина тармагы пилоттук аймак катары тандалып алынды


НАРЫН. Атбашы райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун деректири Нурдин Алиев Кыргыз-Швейцария саламаттыкты сактоо реформасынын үчүнчү келкиси аз кандуулукту жаңы ыкма менен дарылоого арналарын белгилеп, июнь айынан тарта дары күкүмдөр бериле башталарын билдирди. Дарылоо үч жашка чейинки бөбөктөр, кош бойлуу айымдар жана алты айга чейинки балалуу энелер арасында жүргүзүлөт. Бул иш чара айыл жериндеги гигиена жана санитария долбоорунун алкагында жүзөгө ашып жатат, дейт Нурдин Алиев. Айтмакчы, Кыргыз-Швейцария саламаттыкты сактоо реформасынын мурунку келкилери теңиртоодогу райондук жана андан кийин облустук ооруканалардын бөлүмдөрүн толук оңдоодон өткөрүү жана техникалык медициналык жардам көрсөтүү менен ишке ашырылган.

XS
SM
MD
LG