Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:31

Баткенде маалымат каражаттарына байланыштуу жыйын болду


БАТКЕН. Жыйынга облустун прокуратурасынын, Улуттук коопсуздук башкармалыгынын өкүлдөрү жана жергиликтүү маалымат каражаттарынын жетекчилери катышты. Чогулушта март ыңкылабына чейин облустагы эркин журналисттерге би
йлик, ички иштер башкармалыгы тарабынан кысымдар көрсөтүлгөндүгү териштирилди жана талкууга алынды. Жыйындын аягында иликтөө жүргүзүү боюнча долбоордун башчысы Кубан Мамбеталиев мамлекеттик маалымат каражаттарын өкмөттөн бөлүп алуу туурасында сунуштарын айтты. Белгилей кетчү нерсе, ушул маалга чейин облуста гезит басып чыгаруучу бир дагы басмакана жоктугу айтылып, президенттик шайлоодон кийин бул көйгөйлүү маселени чечүү үчүн биргеликте долбоорлор жазыла турган болду.

XS
SM
MD
LG