Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:52

Кулов студенттер менен жолукту


БИШКЕК. 20-майда Бишкекте «Достук» мейманкасында биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов Борбор Азиядагы Америка университетинин студенттери менен жолугушту. Анда Кулов бийликке жаштарды тартуу, алдыдагы президенттик шайлоо маселелери боюнча көз карашын айтты. Анын айтымында бийлик органдарына жаштарды көбүрөөк аралаштыруу зарыл. Кыргызстанды маалымат технологиялары, банк системасы өнүккөн алдыңкы мамлекеттердин катарына кошууда жаштар чечүүчү ролун көрсөтүүгө тийиш. Кулов июль айында өтө турган президенттик шайлоо акыйкат, административдик ресурстар пайдаланылбай өтө тургандыгына ишенээрин айтты.

XS
SM
MD
LG